Дүйнөлүк туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды

Дүйнөлүк туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды

Кыргызстан жыл сайын өтүүчү ITB Berlin ири эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда. Ал Германияда өтүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондусунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын ар түрдүү уюмдардын 21 өкүлү, анын ичинде 16 туроператор келген. Эртең менен улуттук павильондун ачылыш аземи болду. Ага КРнын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев, ардактуу консул Карл-Гюго Эрнст Элердинг, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана туризм тармагынын өкүлү Асхат Акибаев катышты.

КР павильону башка стенддерден сапаттык жактан өзгөчөлөнүп турду. Ошондой эле узун бойлуу үч баатыр,  улуттук кийим кийген кыздар кошумча көрк тартуулоодо. Германияда иштеп, жашап жаткан мекендештерибиздин айтымында, алар биринчи жолу КР павильону көрүп сыймыктанышты.

Павильондун иши жана делегациянын келишин Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду уюштурган. Фонддун миссиясы – бардык ата мекендик туроператорлорду бириктирүү, туристтик продуктыларды алдыга жылдыруу үчүн аянтча түзүү жана максаттуу рыноктордон, анын ичинде Германиядан туристтердин агымын көбөйтүү.

Көргөзмөнүн алкагында семинарлар, презентациялар, бизнес форумдар пландаштырылууда, алар катышуучуларга жаңы өнөктөштөрдү жана кардарларды табууга мүмкүнчүлүк берет. 8-мартта Кыргызстандын делегациясы расмий кабыл алуу өткөрөт, ага 300гө жакын адам катталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: itb berlin 2023

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>