Азия чемпионаты: Үзүр Жузупбеков күмүш байгеге ээ болду

Азия чемпионаты: Үзүр Жузупбеков күмүш байгеге ээ болду

Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Казакстанда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Ал 97 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, 1/8 финалдык баскычтан старт алган.

Жузупбеков 3 беттеш өткөрүп, аларды жеңип, финалга чыккан.

Турнирдин чечүүчү беттешинде кыргызстандык ирандык Азиянын учурдагы чемпиону менен беттешти. Жузупбеков 0:4 эсебинде артта калганы менен эсепти теңдеп, алдыга чыга алды.

Бирок беттештин бүтөөрүнө 15 секунд калганда калыстар беттешти токтотуп, Жузупбековго атаандашынын башын сүзгөндүгү үчүн айып пул, ирандыкка 2 упай берди.

Беттештин акыркы эсеби 7:4 эсебинде ирандык спортчунун пайдасына чечилди. Жузупбеков 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.

1/8 финалда Сейол Лини (Корея) 1:10 эсебинде утуп, 1/4 финалында Олжас Сырлыбай (Казакстан) — 1:3 эсебинде жеңүүгө жетишти. Ал эми 1/2 финалында Узур Жузупбеков Нариндер Чема (Индия) — 9:0 эсбинде эсине келтирди. Сонку финалдык беттеште ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехдехди 4:7 эсебинде жеңилип, натыйжада күмүш байгени коргоп калды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>