Унаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяландыКРде чет өлкөлүк компанияларга эсеп ачууга 200 миң сомдук жыйым сунушталдыОшто акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылдыӨзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталууда
Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында коло медаль утту
10.04.2023 | 21:58
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 67 кг салмакта коло байгенин ээси болду.
Спортчу жалпы 3 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда Куотаро Согабени (Япония) 8:0 эсебинде жеңип, жубатуучу беттеште Husiyuetuни (Кытай) 5:1 эсебинде утту.
Коло байге үчүн беттеште Ирандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.
Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев алгачкы жолу чоңдор арасында Азия чемпионатына катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт