Камчыбек Ташиевдин атын сатып, 1500 доллар алган киши кармалды

Камчыбек Ташиевдин атын сатып, 1500 доллар алган киши кармалды

УКМКнын төрагасы менен таанышмын деп алдамчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) кармалган  кылмышка шектүү делип КР Кудайберди уулу О. аттуу жараны кармалды. Ал КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын уулу Т.Т.К. менен жалган тааныштыгынан пайдаланып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/аймагынын башчысынын орун басары кызматына орноштуруу үчүн 1500 АКШ долларын алган.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.у.О өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенди.

Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>