ИИМдин жетекчилиги Синьцзяндан келген делегация менен жолугушту

ИИМдин жетекчилиги Синьцзяндан келген делегация менен жолугушту

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай делегациясынын жетекчиси, Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаментинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Ду Юнь жетектеген делегация бүгүн, 19-апрелде Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

«Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ведомствонун кызматтарын жаңы техникалык жабдуулар менен жабдылышы боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн. Меймандарга ИИМдин Басма сөз кызматынын маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча жаңыланган маалымат борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы көрсөтүлдү.

Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет», — деп билдирет министрлик.

Андан кийин делегациянын ИИМдин жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ду Юнь айымга бүгүнкү иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу Ички иштер министрлиги менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин эки тараптуу бекем кызматташтыктын уландысы экенин белгилеген.

«Мындан тышкары министрдин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков ИИМдин Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаменти, анын ичинде Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунун коопсуздук башкармалыгы менен чек ара аймактары бар жакынкы коңшулар жана өнөктөштөр катары өз ара аракеттешүү ниетин билдирди.

Бүгүнкү күндөгү бардык кыйынчылыктарга бир дагы мамлекет туруштук бере албайт. Кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү максатында кызматташуубузду өнүктүрүү жана аларга каршы күрөшүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Мында биздин иш-аракеттерибиз кадыр-баркка, адам укуктарына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделиши керектиги белгиленди», — деп билдирет министрлик.

Сөзүнүн аягында Сүйүнбек Ниязбеков мүмкүн болгон коркунучтар менен күрөшүүдө конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>