Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Ошто жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Жогорку Увам көчөсүнүн жалпы узундугу 278 метр, туурасы — 6 метр, ал эми тротуардын туурасы — 1,5 метрге асфальт төшөлдү.

Жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү менен катар ирригациялык арыктарды орнотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жумуштар болжол менен 10 күндүн ичинде бүтүшү керек.

Масалиев көчөсү менен Шамшиева көчөсү кесилишкен жерден Раззаков көчөсүнө чейинки жолдун капиталдык асфальттоо долбоору менен мэр таанышып чыкты.

Бул жерде жолдун узундугу 3 км, туурасы 22-25 метр, асфальт төшөлгөн жалпы аянты болжол менен 70 миң квадрат метр болот. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бордюрларды орнотуу, заманбап жол белгилерин орнотуу мерчемделүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>