Кыргыз-казак биргелешкен өрт-тактикалык машыгуусун өткөрдү

Кыргыз-казак биргелешкен өрт-тактикалык машыгуусун өткөрдү

Кыргызстан жана Казакстан биргелешкен өрт-тактикалык машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгуу Кыргызстандын Чүй облусу менен Казакстандын Жамбыл облусу чектешкен аймакта өтүп, өрт кырсыгы катталган учурда эки өлкөнүн күч-каражаттары чоогу тартылуу менен тилсиз жоонун кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу максатында уюштурулду.Машыгуунун негизги объекттиси катары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 62-65-чакырым аралыгындагы чек ара тилкеси тандалып алынган. Аталган жер токойлуу аймак болуп, эки өлкөнү Чу дарыясы бөлүп турат. Ошону менен катар Кыргызстандын аймагында унаа жолдун жээгинде май куюучу жай, №4 жол тейлөө ишканасынын имараты, мазут сактоочу жай жайгашса, ал эми Казакстан тарап толугу менен бак-дарактар, камыш, куураган чөп жыш өскөн аймак болуп саналат.

Атайы түзүлгөн сценарийге ылайык, токойдон чыккан өрттүн жалыны Кыргызстандын аймагындагы май куюучу жайга өтүп, андан ары Жол тейлөө ишканасынын айланасындагы бак-дарактарды каптайт.

Ири өрттү өчүрүүгө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусунан жалпы 3 күжүрмөн эсеби (өрт өчүрүүчү унаа), 1 автошаты, 1 суу жеңдерин ташыган автоунаа ( АР-2), 2 суу ташуучу унаа жана Токой чарба кызматынан 20дай кызматкер тартылды. Мындан сырткары тез жардам, ИИМдин Жол коопсуздук кызматы көмөктөштү.

Ал эми Казакстандын Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департементинен 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Аймактагы өрттү өчүрүүдө унааларга үзгүлтүксүз суу берүү үчүн Чу дарыясына (ПНС -110) өрт насостук станция унаасы коюлду. Аталган унаа секундасына 110 литр суу берүүгө жөндөмдүү.

Үчүнчү ирет чек ара аймагында өтүп жаткан өрт-тактикалык машыгууда өрт өчүрүү ишин ыкчам уюштура билүү, аймакка чалгындоо жүргүзүү менен туура анализ жасоого жана өрт өчүрүү кадамдарын уюшкандыкта өткөрүп, кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатууга бир кыйла шарт түздү.

Эң башкысы боордош эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтери эки тараптуу тыгыз кызматташтыгын бекемдеп, ынтымагын арттырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>