Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
«Бишкекжылуулук тармагынын» директорлор кеңеши алмашты
14.09.2021 | 18:04
“Бишкекжылуулук тармагы” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын компаниядан билдиришти.
Кеп Кубаныч Бековдун, Мирбек Батакановдун жана Акылбек Исаковдун ыйгарым укуктарынын токтотулушу жөнүндө болуп жатат.
Директорлор кеңешиндеги бош орундарга төмөнкүлөр шайланды:
- Максат Жумабаев;
- Байзак Азизбеков;
- Равшанбек Касымов;
- Аскат Абылаев;
- Акылбек Исаков.
Тиешелүү чечим 9-сентябрда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом