Жанар Акаевга иш козголду

Жанар Акаевга иш козголду

Жанар Акаев милицияга сурак берип чыккандан кийин өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтканына караганда, Курсан Асановго тиешелүү интернетте тараган видеодо «Жанар» деген сөздүн бар болгону үчүн жана ага кошумча дагы бир маданий ишмерлердин президентке жазган арызынын негизинде эки иш биригип, бир кылмыш иши козголгон.

“Бийликти басып алуу боюнча бир дагы саясатчы менен сүйлөшпөгөнүмдү айттым. Кымындай да далил жок. Маданият ишмерлердин элди митингге үндөгөн дегени да жалган. “Бийликти басып алалы”- деп интервью да, же, көчөдө чакырык жасаган эмесмин. Бир дагы киши аны далилдеп бере албайт.”

Учурда шаардан сыртка чыкпоо же Кыргызстандан чыкпоо деген өңдүү чектөөлөр коюлган эмес. Бирок, кайсы учурда суракка чакырса барууга милдеттенме алдым дейт депутат.

Маданият ишмерлеринин президентке жазган каты:

Милиция Акаевди суракка чакырды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>