“Ихсан” турак жай кооперативинин кеңсесин өрттөөгө аракет жасалды

“Ихсан” турак жай кооперативинин кеңсесин өрттөөгө аракет жасалды

Бишкекте “Ихсан” турак жай кооперативинин салымчысы (жабырлануучу) компаниянын Раззакова көчөсүндө жайгашкан кеңсесин өрттөөгө аракет кылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 24-февралда саат 12:11де маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу барып, кыргызстандык жаран О.Э экени аныкталган. Саат 12:00дөр чамасында компаниянын кеңсесине жабырлануучу У.Э аттуу досу менен чогуу келип, кеңсени өрттөөгө аракет кылышкан.

«Ихсан» фирмасынын күзөтчүсүнүн кийлигишүүсүнөн улам алар өз аракеттерин аягына чыгара албай, ишкананын терезеси менен отургучту өрттөп салышкан. Өрттү ишкананын кызматкерлери өчүрүшкөн.

«Ихсан» турак-жай кооперативинин кызматкерлери аманатчыларга кайрылуудан баш тартышты.

Бул факты милицияга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

2022-жылдын 12-июлунда Ички иштер министрлиги «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчиси Абылкасымов Эрмат Камчыбекович болуп саналат. Кооператив 2020-жылы иштеп баштаган, 2021-жылы кайра каттоодон өткөн. Кооперативдин расмий баракчасында маалымдалгандай, жетекчиси Бекмурзаева Акинай Төрөбековна.

ИИМдин басма сөз кызматынын малыматына караганда, кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга 121 млн 313 миң 950 сомдук зыян келтирилген.

«Ихсан» кооперативинин төрайымы 2 айга камакка алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>