ИИМ Адахан Мадумаровго козголгон иш боюнча үн катты

ИИМ Адахан Мадумаровго козголгон иш боюнча үн катты

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. 2-сентябрда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (Адахан Мадумаров) аталган кылмыш иши боюнча кармалган.

«Ага Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөө иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок, 2-сентябрда, аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду.

Депутат Гуля Кожомкулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирди.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынды.

Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип, 2 айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>