ИИМ: баардык обсервация борборлору милициянын кайтаруусунда

ИИМ: баардык обсервация борборлору милициянын кайтаруусунда

Өлкө аймагында обсервация борборлору толугу менен ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып турат. Бул тууралуу ИИМдн басма сөз кызматы билдирет.

Саламаттык сактоо министри билдиргендей, 5-апрелге карата COVID-19 авирусун алдын алуу максатында 1 миң 454 киши обсервацияларда жатат.

«Алар Бишкек жана Ош шаарында, Чүй, Жалал Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык Көл, Ош областында областында обсервация борборлору иштеп жатат. Мына ушул обсервациялык борборлорду толугу менен көзөмөлгө алуу, ал тарапта коомдук тартип сактоо ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн.

Тактап белгилеп кете турган үч маселе.

Биринчиден, ошол обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди толук сактоо менен коргонуучу атайын кийимдер, жана коргонуучу санитардык каражаттар менен жабдылган. Алар обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышка же контактка барышпайт. Күнү-түнү сыртындагы коопсуздук маселеси, эч кимге тартип бузууга жол берилбестиги, кандайдыр бир коопсуздук маселеси жарала турган болсо аны ыкчам чечим кабыл алып, дарыгерлерге жардам көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Обсервациялык борборлордун ички дарылоо процесстерине кийлигишпейт, имараттардын ичине киришпейт, обсервациянын ички процесстери толугу менен медициналык кызматкерлер тарабынан тейленет жана көзөмөлгө алынат.

Экинчиден, обсервация борборлорунда посттордо турган милиция кызматкерлери күзөт мөнөтү аяктап, күзөт кезегин экинчи милиция тобуна өткөргөн соң медициналык кызматкерлер тарабынан санитардык-карантиндик кароолордон сөссүз түрдө өтөт жана жеке-гигиеналык маселеде, ден-соолукту сактоо маселесинде медицина кызматкерлеринин талаптарын толугу менен аткарышат.

Үчүнчүдөн, өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардагы бардык санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, өзгөчө абал киргизилген блокпосттордо кызмат өтөп күзөттө турган кызматкерлер атайын жеке коргоонуучу атайын кийимдер, атайын коргоонучу каражаттар менен жабдылган. Алар посттордо жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын талаптарын жеткизишип, аларды мыйзамдын талаптарын бузбоого чакырышып, зарыл иштери болбосо үйлөрүндө калууларын суранышып, айрым учурларда маалыматтык негизде жардамдарын беришүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>