ИИМ: Бишкекте баңгизаттарды саткандар кармалышты

ИИМ: Бишкекте баңгизаттарды саткандар кармалышты

Аламүдүн райондук соту Бишкектин аймагында баңгизаттарды стаууга аракеттенген жарандарды абакта калтырды.

Ички иштер министрлигинин билдиришкендей, учурда бул кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул факты Жазык кодекстин 267-беренесинде каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

4-сентябрда милиция кызматкерлери Бишкектин аймагында баңгизаттарды сатып алуу учурунда жаран 23 жаштагы С.А. кармалып, анын шымынын оң чөнтөгүндө 18 даана кызыл түстөгү атайын “термо” каптары алынган. Алардын ичинде жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган. Ошондой эле шектүү өз ыктыяры менен Бишкектин аймагында баңгизаттарды атайын калтырылган жерлерин көрсөтүп, 21 даана кызыл-сары түстөгү атайын “термо” каптары табылып алынган. Шектүү жарандан жалпы 40 даана баңги жана психотроптук заттар алынып, анын жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары, Бишкектеги соода борборлорунун биринде аталган кылмышка катыштыгы бар 22 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал баңгизаттарды таратып саткандыгын мойнуна алган жана андан 20 даана “термо” каптары алынган. Алардын бирин ачкан учурда, кристаллдык ак зат бар экендиги аныкталган. Алынган заттар Альфа-PVP (a-PVP) психотроптук заттын аралашмасы экендиги аныкталган. Баңгизаттардын, таңгак менен жалпы салмагы 20 граммды түзүп, анын  жалып баасы 70 миң сомду түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>