«Крокустан» 100дөн ашуун адамды куткарган кыргызстандык Ислам Халилов сыйлыкка көрсөтүлдү

«Крокустан» 100дөн ашуун адамды куткарган кыргызстандык Ислам Халилов сыйлыкка көрсөтүлдү

Россиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Равиль Гайнутдин “Крокус Сити Холлдун” имаратынан 100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловду сыйлыкка көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Муфтий Равиль Гайнутдин ата-бала Халиловдорго жеке чакыруусун жөнөттү. Ыйык Орозо айынын жума күнүндө Собор мечитинде 15 жаштагы Ислам чыныгы эрдиги жана элди сактап калгандыгы үчүн Россиянын мусулмандарынын Эмгек медалы менен сыйланат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык Ислам Халилов “Крокус Сити Холлдун” концерттик залынын гардеробунда иштечү. Куралдуу кол салуу болгон учурда ал 100дөн ашуун адамды коопсуз жайга алып чыккан.

24-мартта президенттик аппараттын маалыматтык  саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков 15 жаштагы Ислам Халилов менен сүйлөшкөн видеосун жарыялады.

Баланын атасынын аты Бактияр, Сузак районунан, ал эми апасы Айпери Өзгөндөн болушарын айтышкан. Ошондой эле, Исламбек ошол күнү 100дөн ашуун адамды кантип коопсуз жайга алып чыкканын айтып берген.

22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда «Пикник» тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун да, жабыркагандардын да саны 100дөн ашты. Терактыга түздөн-түз катышы бар делген ондон ашык адам кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>