Ысык-Көл: Мыйзамсыз иштеген 131 чет өлкөлүккө 720,5 миң сом айып салынды

Ысык-Көл: Мыйзамсыз иштеген 131 чет өлкөлүккө 720,5 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө 131 чет өлкөлүк мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, облус аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда жалпы 1 миң 387 чет элдик жаран текшерилип, алардын ичинен 131и мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган. Ага байланыштуу аларга Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси боюнча 720,5 миң сом айып салынган.

Ошондой эле иштөө үчүн уруксат документтери жок чет элдик мигранттарды жумушка алган 3 ишкер Укук бузуулар кодексинин 93-беренеси боюнча 105 миң сом айыпка жыгылган.

Милиция ишкерлерди миграциялык мыйзамды сактоого, чет өлкөлүк жарандар үчүн тиешелүү уруксат кагаздарын алууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>