ИИМ: Эки адамды аёсуз сабагандардын агасы кызматан бошотулуп, кылмыш иши козголду

ИИМ: Эки адамды аёсуз  сабагандардын агасы кызматан бошотулуп, кылмыш иши козголду

Бишкектин Жал кичи районундагы эки адамдын мыкаачылык менен сабалышы боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп 3 милиция кызматкери жумуштан алынып, айрымдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ленин райондук милициясынын  тергөөчүсү А.К. жана тергөө кызматынын башчысы Б.А. ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ал эми тартиптик уставынын талаптарын бузгандыгы үчүн дагы эки кызматкерге катуу сөгүш берилген.

Ал эми жеке кызыкчылыгына түздөн-түз тиешеси бар маселени чечүү үчүн кызматтык абалын пайдалангандыгы үчүн шектүүлөрдүн агасы, милициянын майору Б.К.га  (“Кызматт абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана (“Кылмышты жаап-жашыруу”) беренелери менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбековичтин кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы боюнча  ата-энесине маалымдама тапшырылды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогорудагы шектүүлөрдүн кайда экендигин аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>