ИИМ: Коомдук тартипти камсыздаган милиция кызматкерлери ысык тамак, жылынуу пункту менен камсыздалды -фото

ИИМ: Коомдук тартипти камсыздаган милиция кызматкерлери ысык тамак, жылынуу пункту менен камсыздалды -фото

Коомдук тартипти камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине ысык тамак берүү уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Бишкекте Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө. Саммитти өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана ыкчам аракеттерди көрүү максатында күн-түн нөөмөт менен милициянын кайгуул кезметтери уюштурулду. Коомдук тартипти төрт миң ички иштер органдарынын кызматкери камсыздашууда жана кызматын сапаттуу өтөө үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.

Коомчулуктан кошумча суроо-сунуштар келип жаткандыгына байланыштуу Ички иштер министрлиги кызматкерлер үчүн кошумча ысык тамак жана кезек-кезеги менен нөөмөттө туруу, ошондой эле жылынуу пункту уюштурулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>