Саймаитини иликтеген депкомиссиянын курамына эки депутат кирди

Саймаитини иликтеген депкомиссиянын курамына эки депутат кирди

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы эки депутат  менен толукталды.

Парламенттин 28-ноябрда өтүп жаткан жалпы жыйындагы чечимине ылайык Искендер Матраимовдун ордуна КСДП фракциясынан Абтандил Кулбараков ал эми Алтынбек Сулаймановдун ордуна «Бир бол» фракциясынан Жаныбек Бакчиев кирди.

Буга чейн коомчулуктаар кандай суроолор жаралбасын деп комиссиянын курамынан Искендер Матраимов жана Алтынбек Сулайманов чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун сунушунан кийин Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ага ар бир фракциядан депуттар кирген, жалпысынан анын курамында 12 депутат бар.

фото: azattyk
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>