ИИМ кызматкери өзбекстандык мушкерди 30 секундда утуп, чемпион болду

ИИМ кызматкери өзбекстандык мушкерди 30 секундда утуп, чемпион болду

ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-15-май күндөрү ИИМдин Ички аскерлеринин 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын мыкты спортчуларынын арасында кол кармаш урушу боюнча болуп өткөн эл аралык турнирге катышты.

73 кг салмакта ефрейтор Ынтымак Каныбеков биринчи орун үчүн өзбекстандык спортчу менен бештешип, атаандашын жеңип алган.

Ошондой эле, кенже сержант Дияс Саматов чемпиондук кур үчүн беттеште өзбекстандык мушкерди 30 секунд ичинде утуп, 1-орунду ээлеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ мелдеш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>