Маматалиев «75 иши» боюнча фигуранттарды «чөөлөр» деп атадыКыргызстан менен Кытайдын жазуучулары кызматташтыкты өнүктүрөтТалант Мамытов сотто “75 иши” боюнча анын аты эмнеге аталганын түшүндүрдүКР Саламаттыкты сактоо министрлиги инсульттан кийинки реабилитациялоонун үзгүлтүксүз системасын киргизетӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиБишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылды
Милиция электрондук тамеки чеккен өспүрүмдөн канча пара алганы айтылды
09.07.2024 | 16:20
Электрондук тамеки чеккен 16 жаштагы өспүрүмдөн милиция 1 миң сом пара алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, 5-июль күнү болгон окуядан кийин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаралары көрүп, милиция кармалып, ал соттун чечими менен камалды.
“Айрым кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери менен укук коргоо системасынын беделин түшүрүп жатышат”, – дейт министрлик.
Белгилей кетсек, өспүрүм геморрагиялык инсульт алып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
https://reporter.kg/milicziyanyn-opuzasynan-ulam-insultka-kabylgan-balanyn-abaly-ajtyldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом