ИИМ: Милиция кызматкерлери диний чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулады

ИИМ: Милиция кызматкерлери диний чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулады

Чүй облусунун милиция кызматкерлерине диний чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Раатбек Турусбеков милиция кызматкерлерине жарандардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер, ИИМ тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берген.

Ошондой эле дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү салттуу ислам жана анын коомго тийгизген таасири, радикалдык диний агымдардын пайда болуу себептери, жарандардын диний сабатсыздыгын жоюу, жаштар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, мамлекеттик органдардын бири-бири менен кызматташуусун күчөтүү, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө айтып берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>