Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
ИИМ: Ноокатта инженер 50 миң сом пара алып жатканда кармалды
26.09.2024 | 16:26
Ноокатта райондук электр тармактары мекемесинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИИден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга райондун тургуну кайрылып, үйүнө үч фазалык электр энергия системасын киргизейин десе, Ноокат районунун электр тармактары ишканасынын инженери 60 миң сом талап кылганын билдирген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
Министрликтен билдиришкендей, аталган инженер (44 жаштагы М.Р.) 25-сентябрда 50 миң сом алып жатканда, иш бөлмөсүнөн кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.