ИИМ: Ошто жаран баңгизат колдонгондор үчүн көмүскө жай ачкан

ИИМ: Ошто жаран баңгизат колдонгондор үчүн көмүскө жай ачкан

Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат тарабынан Ош шаарында баңгизат каражаттарын колдонуу үчүн уюштурулган көмүскө жайдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, милициянын ыкчам кызматкерлери Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүндө жашаган 75 жаштагы А.Р. аттуу жаран баңгизат колдонуу үчүн көмүскө жай ачып, иштетип жүргөнүн аныкташкан. Үйдү кароо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды даярдоо жана колдонуу үчүн пайдаланылган буюмдар жана заттар табылган.

Үйдүн ээсине карата Кылмыш кодексинин 290-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алынган буюмдук далилдер соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>