Толтоев: Мамлекеттин кызыкчылыгы элдикинен өйдө турушу керек

Толтоев: Мамлекеттин кызыкчылыгы элдикинен өйдө турушу керек

Мамлекеттин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан жогору турушу керек. Бул тууралуу Ош облусунун башчысынын орун басары Эрнис Толтоев Кемпир-Абад маселеси боюнча Өзгөндөгү райондук администрациянын астанды чогулган элге сүйлөп жатып билдирди.

Ал элге сүйлөп жатып, Кемпир-Абад маселеси боюнча маалыматты жыйындар залына кирип угууга болорун, маалымат жабык эшик артында берилип жатканын билдирди.

Чогулгандардын арасынан бир жаран «Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршысызбы?» деген суроо узатып, ага Толтоев мындайча жооп узатты:

«Бул маселени мамлекет чечет. Мамлекеттин кызыкчылыгы корголушу керек. Элдин кызыкчылыгы да корголушу керек, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу зарыл».

Толтоевдин сөзүнөн кийин чогулган эл «эл болбосо, мамлекет да жок», «эл болсо, мамлекет да болот», «Кыргызстандын Конституциясында эл бийликтин булагы деп турат» деп анын айткандарына каршы чыгышты.

Эскерте кетсек, коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтылып жаткан маселе боюнча бүгүн, 4-октябрда Өзгөндөгү райондук администрацияда президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу өткөрдү.

Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров Өзгөнгө барды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>