ИИМ: Өздүк курамдан акча алып жүргөн эки милиционер кармалды

ИИМ: Өздүк курамдан акча алып жүргөн эки милиционер кармалды

Жалал-Абад облусунунун Таш-Көмүр шаарында кол алдындагы кызматкерлерден опузалап акча алып жүргөн милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүндөгү мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу ыкчам маалыматтар түшкөндүгүнө байланыштуу атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«Текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин Күзѳт кызматынын Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги, милициянын майору Н.С. жана күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары, милициянын прапорщиги С.Т. ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыктап беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 342-беренеси менен (пара алуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Учурда Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги Н.С. жана взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, ИИМдин Тергѳѳ кызматына жеткирилген.

Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат.

Бул факт боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергѳѳ кызматы жүргүзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>