Атылган тоо текени жүктөп бараткан Ысык-Көлдүн тургуну кармалды

Атылган тоо текени жүктөп бараткан Ысык-Көлдүн тургуну кармалды

Ысык-Көл облусунда рейд учурунда жергиликтүү тургундун унаасынан атылган тоо теке табылды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.

Маалыматка караганда, 17-январда Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана биоресурстар регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери биргелешкен рейддин жүрүшүндө «Түргөн» постунан 40 жаштагы А.А.нын башкаруусундагы Toyota Land Cruiser Prado унаасы токтотулган.

Текшерүү учурунда жол тандабастын багажынан атылган тоо теке табылган. Кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес. Анын айтымында, жарадар болгон тоо текени сырт аймагынан таап, багажга салып, айылына бара жаткан.

Аталган факт Ак-Суу РИИБге катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, тоо теке кызыл китепке кирбегени менен, мыйзамсыз атуу өкмөттүн токтомуна ылайык 100 миң сом айып менен жазаланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>