ИИМ Жапаровдун шайлоо учурунда Жээнбековдордон 10 млн доллар алганын иликтейт

ИИМ Жапаровдун шайлоо учурунда Жээнбековдордон 10 млн доллар алганын иликтейт

Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Facebook» социалдык тармагында  Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал Садыр Жапаров 10-январында өткөн президенттик шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алгандыгын, акча каражатын Кыргызстандын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

Бүгүн, 14-май күнү бул факты боюнча 192-берененин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>