Сооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?
Эртең Антонина Шевченко менен Андреа Ли беттешет
15.05.2021 | 09:30
Эртең, 16-майда Кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко UFC 262 турниринде Андреа Ли менен беттешет.
Мелдеш АКШнын Лас-Вегас шаарында жайгашкан “UFC Apex” спорт аренасында Бишкек убактысы менен таңкы саат 06:00дө өтөт.
Антонина Шевченко UFC уюмунда 5 беттешг өткөрүп, анын үчөөндө жеңишке жеткен. Соңку ирет өткөн жылдын 22-ноябрында UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алган.
Ал эми Андреа UFC уюмунда 6 беттеш өткөрүп анын үчөөндө жеңип, калган үч кармашын уттуруп койгон.
UFC 262 турниринин негизги беттешинде Чарльз Оливейра менен Майкл Чендлер беттешет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт