ИИМдин Академиясы сырттан окуу боюнча талапкерлерди кабыл алат

ИИМдин Академиясы сырттан окуу боюнча талапкерлерди кабыл алат

ИИМдин Академиясы дистанттык-сырттан окуу боюнча талапкерлерди кабыл алат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультети ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Куралдуу күчтөрдүн, сот системасынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерин (аттестацияланган жана жалданма курамын) билим алууга чакырат.

Академия «Юриспруденция» багыты боюнча «бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен төмөнкү багыттарда билим берүү жүргүзөт:

— 5 жылдык окуу мөөнөтүнө жалпы орто билимдин негизинде, учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөө сертификаты менен кабыл алынат. Бюджеттик негизде ички иштер органдарынын аттестацияланган кызматкерлери гана кабыл алынат;

— 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө орто атайын юридикалык кесиптик билимдин негизинде Кукук коргоо, фискалдык органдардын аттестацияланган жана жалданма курамынын кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн, сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери кабыл алынат;

— 2,5 жыл окуу мөөнөтүнө жогорку юридикалык эмес билимдин негизинде, укук коргоо жана фискалдык органдардын аттестацияланган жана жалданма курамынын кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн, сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери кабыл алынат;

«Бүгүнкү күндөгү талаптарга ылайык, Академиянын сырттан окуу формасына орто билимдин негизинде 5 жыл окуу мөөнөтүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл, атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө тапшырган талапкерлер «Кыргызстандын тарыхы», «Кыргыз (орус) тили жана адабияты» сабактары боюнча тестирлөөдөн өтүшөт», — деп билдирет министрлик.

Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышат:

— билдирме (арыз), жетекчисинин уруксаты менен;

— анкета;

— кызмат өтөгөн жеринен окууга жөнөтүү чечими менен кызматтык мүнөздөмө;

— аскердик врачтык комиссиянын корутундусу (5 жыл гранттык бюджеттик орунга);

— акы төлөө боюнча окууга тапшыргандарга №0,86 медициналык маалымкат;

— документтин түп нускасы (орто билими жөнүндөгү аттестат, орто атайын кесиптик жана жогорку билими жөнүндөгү диплом);

— кадрлар бөлүмүнүн кызматкери тарабынан тастыкталган 9х12 – 1 даана, 3х4 – 4 даана сүрөт.

— фискалдык органдардын аттестацияланган жана жалданма курамынын, Куралдуу күчтөрдүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Сот системасынын, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон эместиги жөнүндө маалымат.

Талапкерлердин окуу көктөмөлөрү 2023-жылдын 7-июлуна чейин кабыл алынат.

Акы төлөөсү 1 жылга – 21000 сом (жыйырма бир миң сом).

Байланыш телефондору: 0995858557, 0505589093, 0504102087, 0708005353, 0705102119.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>