Кыргызстанга 1,3 млн рубль алып келаткан жаран кармалды

Кыргызстанга 1,3 млн рубль алып келаткан жаран кармалды

«Достук» өткөрмө пунктунда 1 миллион 300 миң рублдан ашык акчаны мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

«Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын ЧАК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз акча каражаттарын өткөрүүгө аракет кылган учурда Өзбекстандын жараны «П.Х.М.» токтотулган.

Кармалган товардын жалпы суммасы 1 330 000 рублду түзгөн. Факты КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн КР транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>