Милиция кызматкерлери кары ата-апалардан кабар алды

Милиция кызматкерлери кары ата-апалардан кабар алды

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн үй-интернатына барып, алардан кабар алды. Бул тууралуу Атайын багыттагы полктун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, полктун кызматкерлери өз каражаттарына сатып алган видеокамераларды белек катары ала барып, аларды үй-интернаттын ички жана тышкы аймагына коопсуздук үчүн орнотуп беришкен. Ошондой эле милиция кызматкерлери кары ата-апалар өз колдору менен жасаган эмгектери менен таанышып, алар менен баарлашкан.

«Өз кезегинде аталган мекеменин жетекчилиги Атайын багыттагы полктун жетекчилигине жана өздүк курамына алкыш айтып, ыраазычылык кат тапшырды. Ушундай эле жардамдар республика аймагында жайгашкан полктун бардык бөлүктөрүндө да өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы убакта «Үмүт үйү» интернатында 220 кары адам жашайт. Алардын ичинен 100ү аялдар, 120сы эркек кишилер, 32синин майыптыгы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>