U-23: Тайырбек Жумашбек уулу дагы бир дүйнө чемпионатына катышат

U-23: Тайырбек Жумашбек уулу дагы бир дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча жаш балбандар 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жаш балбандар арасындагы дүйнө биринчилиги 23-29-октябрда Албаниянын Тирана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча 6 спортчу катышат: Бекзат Алмаз уулу (55 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Аден Сакыбаев (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг), Мухаммад Абдуллаев (86 кг), Каныбек Абдулхаиров (97 кг). Ошондой эле спортчуларды машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу (улук машыктыруучу), Руслан Мажинов (башкы машыктыруучу) жана Ислам Тазабеков (улук машыктыруучу) коштоп барат.

Эскерте кетсек, аталган балбандардын арасынан Тайырбек Жумашбек уулу 16-24-сентябрда Сербияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, коло байге тагынган.

Видео: Тайырбек Жумашбек уулу дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>