ИИМге 66 кызматтык унаа берилди

ИИМге 66 кызматтык унаа берилди

Бүгүн, 3-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган 66 унааны тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетини төрагасы белгилегендей, республика боюнча 2 жылдын ичинде 42 имаратты жаңы салынды. Өлкө боюнча РИИБдин бүт имараттары оңдоп түзөөдөн өттү.

“Ар бир аймактык милиция кызматкери атайын камералар менен камсыз болду. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800гө жакын сервердик жабдууларды, видеорегистраторлорду, планшеттерди, 1200 боди-камера республикалык бюджеттен сатып алынды. Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлерге төш-камералары берилген.

Ошондой эле ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт, жол коопсуздугун сактоо багытында 22 мобилдик “Ураган” автокомплекс сатып алынып,  ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды.

Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет”, — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

2019-жылы катардагы кызматкерлер 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом алат, ошондой эле Баткенде кызмат өтөгөн кызматкерлер 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сом алат, дароо 50 миң сомго көбөйттүк.

Ал ИИМдин ардагерлеринин пенсияларын учурда акыркы документтери иштелип аягына чыгып, бул маселе да чечиле тургандыгын белгиледи.

Акылбек Жапаров менен ИИМдин Генералдар кеңешинин мүчөлөрү ИИМдин башкы имаратынын алдына арча олтургузушту.

Андан соң ыкчам башкаруу борборунда болушуп, ИИМдин “коопсуз өлкө”курууга багытталган Кыргызстан боюнча коомдук коопсуздукту сактоого багытталган заманбап 3000дөн ашуун камералардын ишмердүүлүгү менен, аймактык тескөөчүлөрдүн  жана жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы Башкармалыгынын санариптешкен видекамералары, сервердик жабдуулары, видеорегистраторлору, планшеттери, боди камералары менен жакындан таанышып, алардын иштөө принциптерине күбө болушту.

Ошондой эле ИИМдин атайын багыттагы полкунун материалдык-техникалык заманбап базасы, кызматкерлерге арналып курулуп жаткан имарат казарма жана алардын ишмердүүлүгүнө менен таанышышты.

Иш чаранын соңунда Чүй областтык ички иштер башкы Башкармалыгынын жол коопсуздугун сактоо бөлүмүнүн жаны имараты, жаңы берилген кийимдери жана техникалык базасы  менен да таанышып чыгышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>