Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат, — Тазабек Икрамов

Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат, — Тазабек Икрамов

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов борбордук «Ала-Тоо» аянтына илинген жаңы туу боюнча пикирин билдирип, желектин парламентте сунуш кылынган варианты башка экенин айтты.

Анын пикиринде, жаңы туу расмий түрдө, гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек болчу.

«Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө аз массовка болсо да, жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле. (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат.) Тилекке каршы, андай болбоду. Ошол жерде жалпы ММКанын катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп, түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып беришсе болмок. Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Андан тышкары, желектин ЖКда сунуш кылынган варианты башка, викидепияда башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз нааразычылык көбөйө берет», — деп жазган депутат социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, 1-январда Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында өзгөртүлүп, жаңы кабыл алынган туу илинген.

Бирок аянтта илинген желек өзгөртүүлөр киргизилип, депутаттар кабыл алды деген туудан айрымаланып турат. Себеби Жогорку Кеңеш кабыл алып жатканда коомчулукка көрсөтүлгөн акыркы варианттагы тууда күндүн 40 нуру өз-өзүнчө, тик болуп турган, түндүктүн чамгарактары төртөө болгон. Аянттагы тууда чамгарактар төртөө, бирок күндүн нурлары биригип турат.

Бирок парламентте төмөндөгү сүрөттөгүдөй туу кабыл алынары айтылган.

Депутаттар кайсы тууну кабыл алды эле? Аянтта жаңы, бирок башкача туу илинди (сүрөт)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>