Ильхам Алиев «Ата-Бейит» улуттук комплексине барды — сүрөт

Ильхам Алиев «Ата-Бейит» улуттук комплексине барды — сүрөт

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>