Кыргызстанда «санарип көчмөн» макамын кимдер ала алат? Жооп

Кыргызстанда «санарип көчмөн» макамын кимдер ала алат? Жооп

Бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Кыргызстанда киргизилген «санарип көчмөн» макамын кимдер ала алары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, «санарип көчмөн» макамы чет мамлекеттен тажрыйбалуу IT адистерди тартуу үчүн иштелип чыккан.

«29-сентябрда министрлик тарабынан сыноо иретинде «санарип көчмөн» макамын ыйгаруу боюнча долбоор ишке киргизилди. Аталган макамды алуу үчүн Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандары арыз тапшыра алат. Макамды алуу үчүн акча алынбайт жана анын ээлери бир жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоого туруудан бошотулуп, автоматтык түрдө ПИН-код алат, Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын кызматтарын жеңилдетилген тартипте алат», — деди ал.

Ал билдиргендей, азыпкы тапта «санарип көчмөн» макамын алууга 678 арыз түшүп, анын ичинен 100дөн ашыгына макам берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>