Азербайжандын президенти Илхам Алиев Чыңгыз Айтматов атындагы орден менен сыйланды. Бул тууралуу Азербайжандын президентинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкекке Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышуу үчүн келген Алиев 5-ноябрда жазуучунун үй-музейине барып, аны көрүп чыккан. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун президенти, жазуучунун уулу Элдар Айтматов Алиевге музей, атасынын чыгармачылыгы тууралуу айтып берген. Аны менен бирге ал президентке орденди тапшырган.
Элдар Айтматов аталган орденди биринчи болуп Илхам Алиев алып жатканын, убагында атасы Чыңгыз Айтматов да Азербайжандын «Достук» ордени менен биринчи болуп сыйланганын белгилеген.
Алиев жазуучунун атындагы орденди алуу сыймык экенин билдирди. Ал Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айматовду, анын үй-бүлөсүн, жазуучунун карындашы Роза Айтматованы Бакуга конок болуп кетүүгө чакырды. Алиев быйыл Бакуда жазуучунун эстелиги ачылганын айтып өттү.