Илон Маск Twitter кызматкерлеринин 50% иштен алууну пландоодо

Илон Маск Twitter кызматкерлеринин 50% иштен алууну пландоодо

Твиттердин толук кандуу ээси болуп калган миллиардер Илон Маск платформада иштеген кызматкерлердин 50% иштен аларын жарыялады.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Твиттерде 7 миң 500 кызматкер иштейт. 3 миң 700дөй киши кыскартууга туш болот. Илон Маск муну компаниянын ири чыгымдары менен түшүндүрдү.

SpaceX менен Tesla’нын негиздөөчүсү Илон Маск 28-октябрда Твиттерди 44 миллиард долларга сатып алуу иштерин расмий түрдө аяктап, компанияны жетектей баштаган.

Reuters менен The Washington Post жазгандай, Маск ошол эле күнү Twitter’дин аткаруучу директору Параг Агравалды, каржы директору Нед Сигалды, укуктук маселелер боюнча жетекчи Вижайя Гаддени жана башкы юридикалык кеңешчи Шон Эджетти иштен алды. Маалыматка караганда, ал аларды платформадагы фейк аккаунттардын саны боюнча аны жана инвесторлорду адаштырууга айыптаган.

Маск жаңы жетекчилик тандалганга чейин компаниянын башчысынын милдетин аткарары белгиленүүдө.

Видео: Илон Маск Твиттердин бөлүм башчысын түз эфирде иштен алды

Биздин Телеграм каналга катталдыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>