Илон Масктын компаниясы Бакуда каттоодон өттү

Илон Масктын компаниясы Бакуда каттоодон өттү

Азербайжандын Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Starlink Azerbaijan компаниясын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда республикалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

«Репорт» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, ЖЧК статусундагы жаңы компаниянын юридикалык дареги: Баку шаары, Хатай району, 8-ноябрь проспектиси, 15-үй, 140-батир.

Starlink Азербайжандын уставдык капиталы жөнөкөй 100 АКШ долларын түзөт, компаниянын өлкөдөгү мыйзамдуу өкүлү Лорен Эшли Дрейер.

Starlink — америкалык SpaceX компаниясына таандык интернет кызматы. Анын негиздөөчүсү — белгилүү бизнесмен жана электр унааларын чыгарган Tesla компаниясынын ээси, Twitter социалдык тармагынын ээси Илон Маск. Лорен Эшли Дрейер 2006-жылдан бери SpaceXде иштейт жана фирманын бизнес операциялары боюнча башкы директору.

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Жефф Безос жана SpaceX ээси Илон Маск 2023-жылдын 2-6-октябрында Бакуда өтө турган Эл аралык астронавтика конгрессине катыша алат.

EADaily кабарлагандай, Азербайжандын Мамлекеттик салык кызматы ушул жуманын башында Bayraktar Technology Азербайжанды каттоодон өткөрдү. Күжүрмөн учкучсуз учактарды чыгаруу боюнча түрк компаниясынын өкүлчүлүгүнүн уставдык капиталы 1,7 миллион манатты (1 миллион доллар) түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Тэги: Илон Маск

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>