Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдө
Инфекциялык ооруканада бейтаптар 4 сааттап кезек күтүүдө
07.12.2022 | 23:36
Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада бейтаптар 4 сааттап дарыгерге кезек күтүп турушат. Бул тууралуу Reporter.kg′ге окурман билдирди.
“Бул ооруканага жаш балам сыркоолоп калгандыктан келдик. Саат азыр 23:30 болду. Биздин кезек күтүп турганыныбызга 4 сааттан ашты. Ар бир кирген бейтапты 30 мүнөттөн карап жатат. Болгону эки кабинетте бирден дарыгер карап жатат. Сасык тумоо күчөп жаткан маалда бул маселени жөнгө салып коюшса болмок экен. Мындай темп менен бейтаптарды кабыл алса, бүгүн да жетишпей, эртеңкиге калат окшойм”- деп нааразычылыгын билдирди.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, өткөн жумадан бери сасык тумоо дээрлик 1,5 эсеге өстү.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар