Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөт
Ысык-Көлдүн жээгине кум төккөн ишканаларга айып пул салынды
19.05.2026 | 16:05

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында бир катар курулуш ишканалары көлдүн суу фондусунун жерлерине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төккөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Бул фактылар боюнча төмөнкү ишканаларга административдик айыптар салынып, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жалпы суммасы 5 млн 566 миң 590 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр эсептелген:
- «Авангард Резорт» ЖЧКсына 1 млн 925 миң 237 сом;
- «КыргызИнвестСтрой» ЖЧКсына 1 млн 929 миң 562 сом;
- «Елизавета» ЖЧКсына 1 млн 711 миң 791 сом.
Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу, мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткаруу жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча көрсөтмөлөр берилген. Министрлик аталган ишканалар мыйзам бузууларды таанып, зыянды компенсациялоо жана кемчиликтерди жоюу иштерин башташканын маалымдады.