«Интимдик сүрөттөрүңдү жарыялайм» деп аял кишини опузалаган шектүү кармалды

«Интимдик сүрөттөрүңдү жарыялайм» деп аял кишини опузалаган шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда аял кишиден интимдик сүрөттөрүн интернетке чыгарам деп акча опузалаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караган, 17-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, бир жаран интимдик сүрөттөрүн интернетке чыгарам деп коркутуп, акча опузалап жатканын билдирген. Ал 2021-жылдан бери аялдан 200 миң сом акча алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМден билдиришкендей, шектүү жаран 19-сентябрда жабырлануучудан 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, акча опузалоого шектелип кармалган жаран 36 жаштагы М.У. аттуу жаран болуп чыккан. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>