Депутат: Кытай жарандарына он күндүк туристтик виза берүү керек

Депутат: Кытай жарандарына он күндүк туристтик виза берүү керек

Инвестиция тартуу үчүн Кытай жарандарына он күндүк туристтик виза берүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал Казакстан менен Өзбекстан Кытайдын жарандары үчүн 10-20 күнгө визасыз режим киргизип, инвестиция тартып жатканын белгиледи.

«Өзбекстан Кытай жарандарына он күнгө визасыз режим киргизди. Өзбекстанда капитал салган кытайлык ишкерлердин саны мурда 1,5 миң болсо, визасыз режим кирген эки жылда 2 миңге жакындады. Эл муну туура түшүнүшү керек, бул Кытай жарандарынын баарын «кире бергиле, жашай бергиле» деген сөз эмес. Бул – он күндүк туристтик виза. Инвесторлор келет, бизнес ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Туристтер келип, биздин экономикага акча салып кетиши керек», – деди ал.

Ал билдиргендей, Кыргызстанга инвестиция тартуу үчүн чечкиндүү кадам жасаш керек.

«Муну ойлонуш керек. Бул туристтик виза. Биздин органдар катуу иштейт. Турист келет, катуу көзөмөлдө болот, кайра чыгып кетет. Бюджетте дефиицит деп жатабыз, туризмди өнүктүрөбүз деп жатабыз, ушундай кадамдарга барышыбыз керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>