Аткаминерлер чет элдик сапарга 125 млн сом коротуп, бир да инвестор тапкан эмес

Аткаминерлер чет элдик сапарга 125 млн сом коротуп, бир да инвестор тапкан эмес

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги 20дан ашык ченемдик укуктук актыларды аткарбай келет. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын коллегиясында маалым болду.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Осмоновдун айтымында, үч жыл ичинде агенттик бир дагы инвестор таба алган эмес.

“Үч жыл ичинде мекеме 125 млн сомдон ашык бюджеттик каражат сарптап, анын өкүлдөрү 800 күндөн ашык чет элдик иш сапарларда иштеп, жыйнытыгында бир дагы инвесторду тартууга жетишкен эмес», — деди ал.

Тышкы иштер министрлигинде болсо 2023-2024 жылдары ратификация иштери бүтпөгөн 16 эл аралык келишим аныкталып, жалпы 6 жолу кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Маданият министрлигинде 10дон ашык ченемдик укуктук актылар такыр аткарылбай, алардын айрымдары ар кандай шылтоолор менен 2 жылдан бери узартылып келүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>