Жапаров бир нече министрге сөгүш жана эскертүү берди

Жапаров бир нече министрге сөгүш жана эскертүү берди

Президенттин жарлыктарын, иш планын так жана толук аткарбаган бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын коллегиясында маалым болду.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Талантбек Иманов, президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев эскертүү алды.

Сөгүш алгандар:

1. Нурия Кутнаева — Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
2. Тилек Текебаев — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
3. Алтынбек Максүтов — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
4. Жумамүдүн Жумалиев — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
5. Арыкбаева Бүбүжан — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
6. Раимкулова Асель — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
7. Элчибек Жантаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мындан тышкары, бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча мамлекет башчыга сунуштар киргизилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>