ИИМде бир катар бөлүмдөрдүн жетекчилери ротацияланды. Тизме

ИИМде бир катар бөлүмдөрдүн жетекчилери ротацияланды. Тизме

Ички иштер министрлигинде бир катар бөлүмдөрүнүн жетекчилери ротацияланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин буйруктарына ылайык, ички иштер министрлигинин буйругу менен төмөнкү дайындоолор болду:

милициянын полковниги Акылбек Бекишев, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары, ал коомдук коопсуздук кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына;

милициянын полковниги Канатбек Жумаев, Ош ШИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун командири кызматына;

милициянын полковниги Зарылбек Раимкулов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын (башкы башкармалык укугунда) алдын алуу жана координациялоо башкармалыгынын ички иштер органдарынын жана атайын мекемелердин күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо боюнча бөлүмүнүн улук тескөөчүсү кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына;

милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын башчысы кызматына;

милициянын полковниги Нурлан Токолдошов, Талас ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматына ротациялоо иретинде;

милициянын подполковниги Эмилбек Кадыров Баткен ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын (бөлүм укугунда) аскер-мобилизациялык иш жана жарандык коргоону боюнча тобунун улук тескөөчүсү кызматынан бошотулуп, ошол эле кызматтын башчысы кызматына;

милициянын подполковниги Улан Мамбеткулов, Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Аксы РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы кызматына;

милициянын подполковниги Улан Омурзаков, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад ШИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Токтогул РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы кызматына, ротациялоо иретинде;

милициянын подполковниги Арыстанбек Уркумбаев, Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (бөлүм укугунда) башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын (бөлүм укугунда) башчысы кызматына;

милициянын майору Ильязбек Асаналиев, Жалал-Абад облусунун Аксы РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Жалал-Абад ШИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына, ротациялоо иретинде;

милициянын майору Улан Эрматов, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын (бөлүм укугунда) башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына;

милициянын капитаны Арген Абдыралиев, Бишкек ШИИББнын тергөө кызматынын (башкармалык укугунда) контролдоо-методикалык бөлүмүнүн тергөөчүсү кызматынан бошотулуп, ИИМдин Тергөө кызматынын (башкы башкармалык укугунда) контролдоо-методикалык башкармалыгынын тергөө иштерин уюштуруу жана контролдоо бөлүмүнүн тергөөчүсү кызматына,

милициянын капитаны Азирет Жусупов, Ош облусунун Алай РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын (бөлүмчө укугунда) башчысынын нөөмөт бөлүгүнүн жана убактылуу кармоо изоляторунун жетекчиликке алуу боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Кара-Кулжа РИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары кызматына,

милициянын капитаны Улан Мамбетказиев, Жалал-Абад ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Талас ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалышты.

Жаңы дайындалган жетекчилерге, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ кадр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>