Баш аламандыкка чакырык жасаганга шектелген жаран боюнча жаңы фактылар аныкталды — ИИМ

ИИМ билдиргендей, мурда социалдык тармактар аркылуу массалык баш аламандыкка чакырган материалдарды тараткан деген шек менен кармалган 2003-жылы туулган О.А.А. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө анын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кошумча далилдер алынды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү жарандарга карата системалуу түрдө физикалык зомбулук көрсөтүп, алардын ар-намысын жана беделин түшүрүп, болуп жаткан окуяны камерага тартып алган видеотасмалар табылган.
Мекеме билдиргендей, 2026-жылдын 16-июлунда кармалган жаран белгисиз адамдар менен биргеликте эки жаш жигитти аёосуз сабап, видеого тартып алган. Жабырлануучулардын өздүгү такталды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, дагы бир эпизод 2026-жылдын 14-майында болгон. Шектүү жаш жигитти сабап, буга чейин анын дарегине айткан кемсинткен сөздөрү үчүн кечирим суроого мажбурлаганы айтылууда. Жабырлануучу аныкталган.
Ошондой эле 2026-жылдын 27-февралындагы окуя да иликтенип жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, жеке келишпестиктен улам бир жигит сабалып, кечирим суроого мажбурланган. Жабырлануучу такталып, суракка алынды.
Мындан тышкары, тергөө 2025-жылдын 9-августундагы аялга карата физикалык зомбулук көрсөтүлгөн видеожазууну изилдеп жатат. Учурда анын өздүгүн жана окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери жүрүүдө.
ИИМ тергөө аракеттери уланып жатканын билдирди. Укук коргоо органдары шектүүнүн башка мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар-жогун да текшерип жатышат. Аныкталган ар бир факт боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өзүнчө укуктук баа берилет.