Иран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берди

Иран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берди

Иран өкмөтү Кыргызстанга же Кыргызстандан товарларды жеткирүү үчүн Бандар-Аббас портунан транзиттик жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Нью-Йорк шаарында жолукканда учурда билдиргенин аталган ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттык сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүү жана Афганистандагы кырдаалга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Бишкекте иран соода борборун ачуу маселесин талкуулашты.

Ирандын тышкы иштер министри Казакбаевди ыңгайлуу болгон убакта Иранга сапар менен келүүгө чакырса, өз кезегинде кыргыз тарап Хоссейн Амир Абдоллахиянды Бишкекке келип кетүүгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>