Ири алдамчылыкка шектелген жаран АКШдан Кыргызстанга экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы АКШнын компетенттүү органдарынын көмөгү менен эл аралык издөөдө жүргөн КР жараны А.А.ны ийгиликтүү экстрадициялады. Алдамчылык аракеттердин сериясын жасаган деп шектелген бул жарандын айынан жабырлануучуларга 15 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жарандардын ишенимине кирип, алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган. Кылмыш жасалгандан кийин ал чет өлкөдө жашырынууга аракет кылган, бирок тыгыз эл аралык кызматташтыктын натыйжасында ал табылып, мекенине кайтарылды.

Учурда шектүү тергөө абагына киргизилди. Башкы прокуратура жазанын сөзсүз болушун камсыз кылуу жана жабыр тарткан жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча ырааттуу иштерди улантууда.