«Тескей Ысык-Көл» форумунун жыйынтыктары: беш кластер жана жаңы дирекция

Уюштуруучулардын билдиришинче, 3-июлда Кажы-Сай айылында өткөн «Тескей Ысык-Көл» форуму резолюция кабыл алуу менен аяктап, анда катышуучулар Ысык-Көлдүн түштүк жээгин туруктуу туризмдин эл аралык аймагы катары өнүктүрүү концепциясынын архитектурасын жана стратегиялык багытын колдоого алышты.
Документ табигый, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо менен аймакты 2035–2040-жылдарга чейинки мезгилде комплекстүү өнүктүрүүнү карайт.
Инфраструктураны модернизациялоо жана төмөнкү беш негизги кластерди өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди:
- экотуристтик;
- маданий-туристтик;
- спорттук-туристтик;
- ден соолукту чыңдоочу-рекреациялык;
- агротуристтик жана гастрономиялык.
Мындан тышкары, форумдун катышуучулары концепциянын жол картасын ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетине «Тескей Ысык-Көл» өнүктүрүү дирекциясын жана Министрлер кабинетине караштуу Координациялык кеңешти түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты.
Документ мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен мындан ары да толукталып иштелип чыгары белгиленет.
Кабыл алынган резолюциянын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө КР Жогорку Кеңешинин депутаты Рахат Жунушбаева жетектеген жумушчу топко жүктөлдү.